КР эл жазуучусу Өскөн Даникеев 91 жаш курагында дүйнөдөн кайтты

Кыргыз адабияты жана искусствосу орду толгус жоготууга учурады. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, коомдук ишмер жана насаатчы Өскөн Даникеев 91 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
КӨскөн Даникеев 1934-жылдын 21-декабрында Сокулук районунда туулган. 1956-жылы Москва тоо-кен институтун аяктагандан кийин көмүр ишканаларында инженер, кийин Кыргыз ССРинин Көмүр өнөр жай министрлигинде улук инженер болуп эмгектенген.
1962-жылдан тартып Фрунзе политехникалык институтунда окутуучу болуп иштеп, кыргыз тилинде чийме геометриясы боюнча алгачкы окуу китебинин автору болгон жана инженердик-графикалык терминдердин сөздүгүн түзгөн.
1970-жылдардын ортосунда Москвадагы М. Горький атындагы Жогорку адабият курстарын бүтүргөн соң өзүн толук бойдон адабиятка арнаган. Ал “Ала-Тоо” журналынын проза бөлүмүнүн башчысы, адабий кеңешчи, андан кийин Кыргыз ССР Жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы кызматтарын аркалаган. Анын “Кыздын сыры”, “Сыйкырдуу таш”, “Өмүр белестери”, “Көкөй кести” сыяктуу чыгармалары кыргыз адабиятынын тарыхында татыктуу орун алган жана көптөгөн тилдерге которулган. “Көкөй кести” романы үчүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.
Ал маданиятты жана адабиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктар – “Ардак белгиси” ордени, “В.И. Лениндин туулгандыгынын 100 жылдыгына арналган каарман эмгеги үчүн” медалы, III даражадагы “Манас” ордени, “Эл агартуунун отличниги” жана “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамдары, ошондой эле Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Өскөн Даникеев сөз өнөрүнүн чебери гана эмес, пейили кенен, ак көңүл инсан болчу. Ал кунт коюу менен уга билген маектеш, сабырдуу устат жана маданий баалуулуктарды коргоочу катары таанымал эле.
Ал адамдарды шыктандырып, акыйкатты издөөгө жана бийиктиктерге умтулууга түрткү бере алган. Анын жаркын элеси анын окурмандарынын, шакирттеринин же аны менен жөн гана жолугуу бактысына ээ болгон адамдардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
С.Н. Жапаров, Н. Тургунбек уулу, А.А. Касымалиев, Ж.Э. Садырбаева, Э.Ж. Байсалов, М.М. Иманкулов, М.К. Мамбеталиев, С.Н. Надырбеков, Т.М. Ажымалиев, М.Т. Тагаев, Г.К. Абдыкалыкова, С.А. Раев, Садык Шер-Нияз, К.К. Иманалиев, Т. Самудинов, М. Мамазаирова, Т. Мамеев, А. Акбаров, А. Рыскулов, C. Акматбекова, Т. Закирова, К. Култегин, К. Кадыракунов, А. Өмүрканов, Ж.О. Кулмамбетов, К.О. Иманалиев, Ч. Эсенгул уулу, А. Жакшылыков, К. Бакиров, М. Ааматов, Т. Нурманбетов ж.б.