Коргоо министрлиги аскер кызматкерлерине турак жай боюнча финансылык жардам көрсөтөт
Коргоо министрлиги аскер кызматчыларына жана пенсиядагы жарандарга турак жай маселесин чечүүдө финансылык колдоо көрсөтө баштады.
Ведомстводон билдиришкендей, бул демилге “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” мыйзамдын талаптарын аткаруу максатында ишке ашууда.
Алсак, Коргоо министринин 2025-жылдын 15-сентябрындагы № 466 буйругу менен аскер кызматчыларына жана аскер кызматынан бошотулган адамдарга турак жай акысын же ипотекалык карызды төлөөгө акысыз финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө нускама бекитилди.
Нускама аскер кызматынан бошотулган жана пенсиядагы жарандардын ипотекалык карыздык жүгүн азайтууга, социалдык абалын жакшыртууга багытталган.
Белгиленгендей, календардык 20 жыл жана андан ашык кызмат өтөгөн, дискредитациялык эмес негиздер боюнча бошотулган адамдарга ипотекалык карыздын калган суммасынан 1 500 000 (бир жарым миллион) сомго чейин акысыз финансылык жардам көрсөтүлөт.
Нускама президенттин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 жарлыгы менен бекитилген “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында да ишке ашырылат. Аталган программада “Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека” жана “Жеткиликтүү ипотека” багыттары каралган.
Коргоо министрлигинин пенсионерлери учурдагы кызматкерлерге карата белгиленген “Жеңилдетилген ипотека” критерийине кирбейт.
Бирок, алар эмгек ишмердүүлүгүн уланткан учурда программага катыша алышат. Бул шартта ипотека баштапкы төлөмсүз, жылдык 8% чен менен жана 25 жылга чейинки мөөнөткө берилет.