“Коомдук транспорт” рейдинде эки күндө жол эрежесин бузган 2630 айдоочу аныкталды

“Коомдук транспорт” рейдинде эки күндө жол эрежесин бузган 2630 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жүргүнчүлөрдү ташыган автобустарга жана маршруттук унааларга карата “Коомдук транспорт” аталышында рейддик иш-чара жүргүзүлүүдө.
Анын алкагында ичиндеги жүргүнчүлөрү менен катуу ылдамдыкта айдап, каршы тилкелерге чыгып, техникалык абалы оң абалда эмес туруп каттамга чыккан, тийиштүү лицензиялык талаптарга жооп бербеген, мыйзамсыз жабдууларды орноткон, жүргүнчүлөдү туура эмес жерлерден алган жана түшүргөн, аялдамаларда башка айдоочуларга тоскоолдуктарды жараткан жана башка одоно жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталып жатат.
Эки күн ичинде мындай айдоочулардын саны 2630га жетти.
Аларга жалпы суммасы 4 млн 182 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды.