Кочкордогу Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн кызматкерлери 1 млн сомду кымырып алган деп айыпталууда

 Кочкордогу Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн кызматкерлери 1 млн сомду кымырып алган деп айыпталууда

Кочкордогу Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн кызматкерлери 1 млн сомду кымырып алган деп айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан Ормон-Хан айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлүп, айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары 2024-жылы сатып алуулар планында каралбаган товарлар боюнча «Л.Г.» ЖЧКсы менен келишим түзүп, кызмат көрсөтүү иш жүзүндө аткарылбагандыгына карабастан, аталган коомдун эсебине каражаттын 50 пайызын аванс катары которуп жиберишип, натыйжада жергиликтүү бюджетке 1 млн сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост