Коңшу өлкөдөн ташылып келе жаткан 21 тонна коон өлкөгө киргизилген жок

 Коңшу өлкөдөн ташылып келе жаткан 21 тонна коон өлкөгө киргизилген жок

Кыргызстанга Өзбекстандан ташылып келе жаткан 21 тонна коон киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-августта Оштогу “Достук” өткөрмө пунктунда Өзбекстандан келе жаткан жүк ташуучу унааны текшерүүдө фитосанитардык коркунучу жогору продукцияны ташууда мыйзам бузуу аныкталган.

Документти көрүү жана унааны текшерүү учурунда 21 тонна коон менен кошо саман да табылган.

Саман фитосанитардык коркунучу жогору карантинге алынган продукция болуп саналат жана ал кооптуу карантиндик отоо чөптөрдүн уруктары жок экенин тастыктаган фитосанитардык сертификатта билдирилиши керек болчу.

ЕАЭБдин бажы чек арасында жана бажы аймагында карантинге алынуучу продукцияга жана карантинге алынуучу объекттерге коюлуучу бирдиктүү карантиндик-фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталгандыгына байланыштуу карантиндик фитосанитардык контролдоо актысы түзүлгөн жана жүктү кайтарып берүүгө көрсөтмөлөр берилген.

Натыйжада ташылып келген коон кайра артка жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, саман – амброзия, сойломо кекире, сары чырмоок сыяктуу карантиндик объектилерди ташуучу (булганышынын) булагы.

Карантинге алынуучу продукциянын ар бир партиясын ташып келүүгө-алып чыгууга импорттоочу өлкөнүн карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык фитосанитардык сертификат болгон учурда жол берилет.

Связанный пост