Керме-Тоо айылындагы 225 орундуу мектептин курулушу аяктады
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Керме-Тоо айылында жайгашкан №20 Насыров атындагы 225 орундуу мектептин курулушу аяктады
Объекттин курулушу 2022-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен башталган.
Бүгүнкү күндө окуу корпусунун курулуш жумуштары толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга даяр.
Мектеп 2 кабаттуу имараттан түзүлүп, спорттук зал, өтмөк галерея, откана, көмүр сактоочу жай, даараткана, өрт өчүрүүчү резервуар, септик каралган.