КЭР СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасы Кыргызстанга иш сапары менен келди

Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз Кыргызстанга иш сапары менен келди.

 

Эркин Туниязды “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

 

Белгилей кетсек, эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана тоо-кен тармактарында кыматташуу тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

 

Ошондой эле, кыргыз-кытай ишкерлеринин жолугушуулары жана маданий программалар уюштурулат.

Связанный пост