Кепилдик фонду жыл башынан бери 2,4 млрд сомдон ашык кепилдик берди

 Кепилдик фонду жыл башынан бери 2,4 млрд сомдон ашык кепилдик берди

“Кепилдик фонд” ААК 2025-жылдын январь-сентябрь айларындагы ишинин жыйынтыгын чыгарды.

Фонддун маалыматы боюнча, жыл башынан жалпы суммасы 2,44 млрд сомду түзгөн 1 миң 95 кепилдик берилип, ишкерлерге өнөктөш коммерциялык банктардан 8,52 млрд сом насыя тартууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Кепилдиктердин эң көп саны айыл чарбасын өнүктүрүүгө берилген – 681 кепилдик (62%). Кепилдиктердин олуттуу үлүшү ошондой эле соода (15%), транспорт (11%), кызмат көрсөтүү (4%) жана өнөр жай (2%) чөйрөлөрүндөгү ишканаларды өнүктүрүүгө багытталган.

Кепилдиктердин көлөмү боюнча айыл чарба продукциясын кайра иштетүү алдыңкы орунда турат – жалпы көлөмдүн 33%.

Связанный пост