«Кепилдик фонду» ААК туризм тармагына 1,2 млрд сомдон ашык кредит алууга колдоо көрсөттү

 «Кепилдик фонду» ААК туризм тармагына 1,2 млрд сомдон ашык кредит алууга колдоо көрсөттү

Туризм «Кепилдик фонду» ААК ишмердигинин маанилүү багыттарынын бири бойдон калууда жана бул тармакта иштеген ишкерлер артыкчылык катары кепилдик колдоону пайдаланышат.

«Кепилдик фонду» ААК өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери жыл сайын дүйнөнүн дээрлик бардык булуң-бурчунан келген туристтерди кабыл алган ишкерлерге олуттуу суммадагы кредиттерди алуу үчүн кепилдиктерди берип келет.

Алсак, 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ар кандай жылдардагы кепилдик колдоонун аркасында ишкерлер өз бизнесин өнүктүрүү үчүн 3 миллион сомдон 325 миллион сомго чейин насыя алышкан, 0,9 миллион сомдон 88,7 миллион сомго чейин кепилдиктер берилген.

Айтмакчы, «Кепилдик фонд» ААКтын ишмердүүлүгүндөгү эң биринчи кепилдик туризм тармагындагы бизнести өнүктүрүү үчүн атайын 0,9 млрд сом өлчөмүндө берилген, бул 3 млн сом өлчөмүндө кредит алууну камсыз кылган.

Жалпысынан, «Кепилдик фонд» ААК өзүнүн ишинин бүткүл мезгилинде 303,5 миллион сомдон ашык суммага кепилдиктер боюнча 1,2 миллиард сомдон ашык суммада кредиттерди берген.

Үстүбүздөгү жылы «Кепилдик фонду» ААКсы туризм тармагында иштеген ишкерлерге 155,3 миллион сомдон ашык кредиттик каражаттар менен финансылык ресурстарга жетүүнү камсыз кылып, 30 миллион сомго жакын суммага кепилдик берди.

Связанный пост