Кепилдик фонду: 7777-чи ишкер бизнесин өнүктүрүүгө кепилдик алды

 Кепилдик фонду: 7777-чи ишкер бизнесин өнүктүрүүгө кепилдик алды
Кыргызстанда 7777-чи ишкер бизнесин өнүктүрүүгө кепилдик алды. Бул тууралуу «Кепилдик фонд» ААКнан билиришти.
Өткөн шаршемби күнү, үстүбүздөгү жылдын 13-декабрында 7777-чи ишкер бизнесин өнүктүрүү үчүн кредиттик каражаттарды алууга «Кепилдик фонд» ААК кызматын пайдаланган. Талас районунан мал чарбачылыгы менен алектенген ишкер болду. Кепилдиктин суммасы 281 миң сомду, кепилдиктин көлөмү 850 миң сомду түздү.
2023-жылдын 13-декабрына карата Кепилдик фонд ишкерлерге 25,5 миллиард сомдон ашык суммадагы кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылып, дээрлик 7,9 миллиард сом өлчөмүндө кепилдик колдоо көрсөттү.
4406 кепилдик, бул берилген кепилдиктердин жалпы санынын 56,6%ы айыл чарбасын, анын ичинде айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Кепилдиктердин калган 43,3%ы өнөр жай, курулуш, соода, транспорт жана туризм тармагында бизнести өнүктүрүүгө багытталган.
Кепилдик фондунун ишинин бүткүл мезгилинде берилген кепилдиктердин 85,5%га жакыны өлкөнүн региондорунда өкүлчүлүк кылган чарбакер субъекттерди колдоого багытталган. Кепилдиктин 15%дан ашыгын Бишкек менен Оштун ишкерлери пайдаланышты.

Связанный пост