Кепилдик фонд жыл башынан тартып аялдардын бизнесин колдоо үчүн 915 кепилдик берди

 Кепилдик фонд жыл башынан тартып аялдардын бизнесин колдоо үчүн 915 кепилдик берди

«Кепилдик фонд» ААКсы ишкердик менен алектенген аялдарга артыкчылыктуу кепилдик колдоо көрсөтүүнү улантууда. «Кепилдик фонд» ААКсынын тарабынан кеилдик колдоо алган аялдардын үлүшү жыл сайын өсүүдө.

Фонддун маалыматына ылайык, 2022-жылы берилген кепилдиктердин жалпы санынан аялдардын ишкердигинин үлүшү 29%, 2023-жылы – 41%, 2024-жылдын 8 айында – 40% түзгөн.

Аялдардын бизнесин колдоо үчүн берилген кепилдиктердин саны да жыл сайын көбөйүүдө. 2022-жылы ишкер аялдарга 306 кепилдик, 2023-жылы – 1942 кепилдик, 2024-жылдын 8 айында – 915 кепилдик берилген.

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Кепилдик фонду тарабынан аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө дээрлик 677 миллион сомдук 915 кепилдик берилген. Быйыл кепилдик ишкерлерге дээрлик 1 миллиард 905 миллион сом өлчөмүндө кредит алуу мүмкүнчүлүгүн берди.

Кепилдик фондунун кызматынан пайдаланган ишкерлер өлкөнүн аймактарындагы дээрлик бардык тармактарды, анын ичинде айыл чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, тейлөө, өнөр жай, курулуш, туризм, транспорт ж.б.

Кепилдик фонддун ишинин бүткүл мезгилинде аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 2 миллиард 974 миллион сом суммасында 3898 кепилдик берилип, ишкерлерге 8 миллиард 639 миллион сомдон ашык суммада банктык кредиттер берилген.

Кепилдик маселелери боюнча кошумча маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу алса болот: 996 (554) 17 71 05; 0556 62 53 79 же www.gf.kg сайтында.

Связанный пост