“Кепилдик фонд” мамлекеттик ипотекадан үй алчуларга 30% чейинки баштапкы төлөмгө кепилдик берет

 “Кепилдик фонд” мамлекеттик ипотекадан үй алчуларга 30% чейинки баштапкы төлөмгө кепилдик берет

“Кепилдик фонд” мамлекеттик ипотекадан үй алчуларга 30 пайызга чейинки баштапкы төлөмгө кепилдик берет. Бул тууралуу “Кепилдик фонд” ачык акционердик коомунун төрагасы Малик-Айдар Абакиров радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эми “Кепилдик фонд” ачык акционердик коому ишкерлерге эле эмес, ипотекага үй, автоунаа алууну каалагандарга да кепилдик берүү максатында мыйзамга толуктоолор киргизилди. Анын натыйжасында өндүрүш тармагы гана эмес, ипотекага үй алгандарга да кепилдик берүү каралган.

“Президент Садыр Жапаров “КР Кепилдик фонду жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык, ипотекалык кредит мамлекеттик программасынын катышуучуларынын баштапкы төлөмгө каражаты жок болсо, фонддон кепилдик ала алышат. Банктар фонддун кепилдиги менен жарандарга ипотекалык кредит бере берет”,-деди ал.

Ал белгилегендей, учурда фонддун ишин дагы да илгерилетүү максатында 18 банк, 3 өнүктүрүү фонду жана 4 микрокредиттик компания менен келишим түзүлдү.

Связанный пост