Кеминде цемент заводу курулат
Бүгүн, 30-мартта министрлер кабинети менен “Шанфэн ЗЭТ цемент” ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти
Маалыматка ылайык, келишим Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагында суткасына 3200 тонна клинкер чыгаруу кубаттуулугуна ээ цемент заводун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууну көздөйт.
Инвестициялык келишимге агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров, ал эми жеке компаниянын атынан башкы директордун орун басары Хуа Цзяньфэй кол койду.
Долбоорго жумшала турган инвестициянын көлөмү 137,6 млн АКШ долларын түзөт.