Кемин районунун кире беришиндеги жаңы стеланын курулушу аяктады

 Кемин районунун кире беришиндеги жаңы стеланын курулушу аяктады

Кемин районунун Ысык-Көл облусу менен чектешкен аймагына жаңы стела курулуп бүттү. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бул аймакта азыркы мезгилге чейин СССР учурунда курулган стела турган, бирок убакыттын өтүшү менен анын эстетикалык көрүнүшү бузулуп, айлана-чөйрөгө жагымсыздык жаратып келген.

2023-жылы стеланы жаңылоо чечими кабыл алынып, жергиликтүү бюджеттин колдоосу менен курулуш аягына чыкты.

Стела өзүнө Чүй облусунун эн белгисин камтып, темир металлдан жасалган.

Келечекте бул стеланын жанына туристтер үчүн ыңгайлуу “таанытуу борборлору” сыяктуу башка дагы курулмалар курулуусу пландалууда. Ал борбор аркылуу чет элдик жарандар жана өзүбүздүн эс алуучулар облустун ар кайсы булуңундагы эс алууга ылайыктуу жайлар менен таанышуу менен бирге тамактануу жана башка кызматтарды пайдалана алышат.

Связанный пост