Кемин районунда Кызыл китепке кирген ак илбирс байкалды
Кемин районунун Боролдой айылында Кызыл китепке киргизилген сейрек кездешүүчү жырткыч — ак илбирс (кар барсы) байкалган. Бул тууралуу КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.
Окуя 29-декабрда кечки саат 23:20 чамасында катталган.
Алынган маалыматка ылайык, ак илбирс айыл аймагына кирип, бактардын бирине чыгып кеткен. Окуя болгон жерге Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркынын егери Ж. Чокоев аңчы У. Абыканов ыкчам барып, жаныбарды коопсуз шартта бактан түшүрүшкөн.
Ак илбирс — Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ символдук жаныбар болуп саналат жана анын ар бир катталышы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытында маанилүү окуя болуп эсептелет.