Келерки жылы үч шаарда мектеп курууга басым жасалат
Кийинки жылы министрлер кабинети Бишкек, Ош жана Манас шаарларына жаңы мектептерди куруу боюнча иш алып барат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ички миграцияга байланыштуу ушул үч шаарда тургундар мектепке муктаж болууда.
“Келерки жылы биз мектептер боюнча үч багытта иш алып барабыз. Биринчиси жараксыз болуп калган мектептерди кайра куруу, экинчиси курулуп жаткан мектептер болсо алардын курулушун улантуу жана аталган үч шаарга жаңы мектептерди салуу”, – деп белгиледи Касымалиев.