“Келечекке салым” программасы: 20 жетим бала каражаттарды пайдаланды

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда “Келечекке салым” программасы боюнча 20 жетим бала каражаттарды пайдаланды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, пайдаланылган каражаттардын жалпы көлөмү 3 млн 71 миң 919 сомду түздү.
Анын ичинен:
- 638 миң сому балдардын ден соолугун чыңдоого багытталган;
- 2 400 432,8 сому — турак жай шарттарын жакшыртууга;
- 228 708,5 сому — окуу акысын төлөөгө.
“Келечекке салым” программасын ишке ашыруу ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды социалдык жактан коргоого жана колдоого көмөктөшөт, аларга ийгиликтүү келечек үчүн зарыл болгон жардамды алууга мүмкүнчүлүк берет.
Белгилей кетсек, 2024-жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен өлкөдө жетим балдарды колдоого багытталган “Келечекке салым” мамлекеттик балдар салымы аттуу жаңы социалдык демилге киргизилген.
Программанын алкагында “Айыл Банк” ААКта жетим балдар үчүн алардын жеке кайрылуусунун зарылчылыгы жок эле аманаттар ачылат.
Депозиттерде топтолгон өлчөмү 500 миң сомдон кем эмес каражаттар балага 18 жашка толгондо тандоо боюнча – билим алууга, ден соолугун чыңдоого, турак жай шарттарын жакшыртууга же турак жай сатып алууга жумшалышы мүмкүн.
Аманаттарды ачуу демилгелүү түрдө жүргүзүлөт, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган “Айыл Банк” ААК менен биргеликте жетим балдарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө банктык эсептердин реквизиттери жөнүндө байланыштын жеткиликтүү каражаттары – почта же электрондук почта аркылуу кабарлайт.