Казарман ГЭСтер каскадын куруу маселеси талкууланды
Күн мурун энергетика министри Таалайбек Ибраев “Орто Азия Инвестициялык Холдинги” ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү Гезер Селчук, башкармалыктын төрагасы Сур Мухаммет Халук, анын орун басары Тариель Эрмеев жана компаниянын бир катар өкүлдөрү менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда “Казарман ГЭСтер каскадын куруу” долбоорунун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча маселелер талкууланып, бет ачары көрсөтүлдү.
Анда Инвестициялык Холдингдин өкүлдөрү иштин учурдагы абалы жөнүндө маалымат берип, алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо баскычында жетишилген негизги ыкмаларды жана натыйжаларды көрсөтүштү.
Долбоорду ишке ашыруунун кийинки кадамдарды, ошондой эле учурдагы инвестициялык макулдашуулардын алкагында координациялоо жана өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Таалайбек Ибраев бул долбоордун өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздукту чыңдоо, энергетика тармагына чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн стратегиялык маанисин баса белгилеп, аталган долбоор өз убагында ишке ашырылы керектигин билдирди.
Эскерте кетсек, 2025-жылы 2-августта “Казарман ГЭСтер каскадын куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча министрлер кабинети менен “Орто Азия Инвестициялык Холдинги” ААКтын ортосунда инвестициялык келишимдерге кол коюлган.
Инвестициялык долбоор ГЭСтерди курууга жана эксплуатациялоого, анын ичинде төмөнкү объекттерде электр энергиясын долбоорлоого, курууга, тейлөөгө жана өндүрүүгө багытталган.
“Орто Азия Инвестициялык Холдинги” ААК каскаддын 3 ГЭСин курууга кызыктар. Алар:
- Ала-Буга ГЭСи – 600 МВт;
- Кара-Булуң-1 ГЭСи -149 МВт;
- Кара-Булуң-2 ГЭСи -163 МВ.
Аталган келишимге ылайык инвестициянын болжолдуу көлөмү 3 млрд долларды түзөт. Долбоорлорду мамлекеттин финансылык катышуусуз инвестордун өздүк каражаттарынын эсебинен 100 пайыз ишке ашыруу каралууда.