Казанда Кыргызстандын адал продукт өндүрүүчүлөрүнүн Соода үйү ачылды
Казань шаарында Кыргызстандын адал продукт өндүрүүчүлөрүнүн Соода үйү ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Соода үйү 14–17-майда өтүп жаткан Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum 2025″ эл аралык экономикалык форумунун алкагында ачылды.
Форумга Экономика министрлигине караштуу “Адал индустриясын өнүктүрүү” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү, ошондой эле адал жана органикалык продукцияларды өндүрүүгө адистешкен ата мекендик компаниялар катышууда.
Кыргыз Соода үйүнүн ачылышы ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн жаңы рынокторго чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп, экспорт көлөмүнүн өсүшүнө, кирешелердин көбөйүшүнө жана ишкердик менен экономиканын мындан ары өнүгүшүнө өбөлгө болот.
KazanForum алкагында “Адал индустриясын өнүктүрүү” мамлекеттик мекемеси менен Татарстандын Борбордук диний уюму — Мусулмандардын руханий башкармалыгынын алдындагы “Адал стандарты” комитети — продукциянын сапатын көзөмөлдөө боюнча Жеке мекемесинин ортосунда өз ара таануу тууралуу меморандумуна кол колду.