Казакстандын жарандары тарабынан уюштурулган Бишкек шаарындагы Колл-борбордун кызматкерлерин кармоо жөнүндө
УКМК кибер алдамчылык боюнча мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштердин жүрүшүндө Бишкек шаарында, жетекчилери Казакстан Республикасынын жарандары болгон Колл-борбордун иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Ошентип, Колл-борбордун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын жарандарын биологиялык активдүү кошулмаларды жана тиричилик техникасын сатып алууга көндүрүү максатында системалуу түрдө психологиялык таасир тийгизип, андан соң алардын ишенимине ээ болуп, кардарларды лотерея билеттерин сатып алуу зарылдыгына ынандырышкан, анда белгилүү бир эсептерге акча каражаттарын которгондо утушка ээ болуу мүмкүнчүлүгү бир нече эсеге жогорулай тургандыгы айтылып, бирок аталган борбор тиешелүү салык органдарында каттоодон өткөн эмес жана лотерея өткөрүүгө лицензиясы жок болгон.
Ошондой эле операторлор «Baribarda» тутумун пайдаланышканы (алыскы чалуулар үчүн IP-Телефония) аталган «Колл-борбордун» бардык серверлери жана маалымат базалары Казакстан Республикасынын аймагында жайгашканы аныкталган.
“Колл-борбордун” ишинде мамлекеттер аралык уюшкан кылмыштуу схеманы камтыган белгилери бар, ал байланыштын заманбап каражаттарын жана финансылык пайда табуу максатында жарандардын аң-сезимин манипуляциялоо ыкмаларын колдонот, ошондой эле бул схеманын курмандыктарынын басымдуу бөлүгү улгайган курактагы адамдар болгондугун белгилей кетүү керек.
Жүргүзүлгөн тинтүү иш – чараларынын натыйжасында “Колл- борбордун” 43 кызматкери (анын ичинен 4 жашы жете элек) кармалып, КР УКМКга жеткирилген, уюмдун ишине тиешеси бар 43 уюлдук телефон, 78 ноутбук жана ар кандай документтер алынган.
Учурда тергөө иштери улантылып жатат.