Казакстандын президенти Садыр Жапаровго “Алтын Кыран” орденин тапшырды

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 22-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду «Алтын Кыран» ордени менен сыйлоо аземи болуп өттү.

Казакстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгына Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон баа жеткис салымы үчүн татыктуу болду.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров менен биргелешкен күч-аракеттердин аркасында өлкөлөр ортосундагы өз ара ишенимге жана сый-урматка негизделген союздаштык мамилелер бекемделип жатканын белгиледи.

«Стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө багытталган жаңы демилгелер көтөрүлдү. Эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берген маанилүү демилгелер чыныгы боордоштукту чагылдырат жана достугубузду ого бетер бекемдейт. Сиздин кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн талыкпастан эмгектенип, ага берилгендик менен кызмат кылып, элибиздин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого зор салым кошуп жатканыңызды Казакстанда жакшы билишет», – деп баса белгиледи Касым-Жомарт Токаев.

Президент Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге жана боордош казак элине Казакстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгын тапшыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы бул кадам боордош элдерибиздин ынак коңшулугун, көөнөрбөс достугун, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык алакаларынын жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн жогорку деңгээлин айкын тастыктап турарын белгиледи.

«Биздин ынтымактуу аракеттерибиз кыргыз-казак союздаштык мамилелерине жаңы дем берип, эки боордош элдин бакубат жашоосу, тынчтыгы жана өнүгүүсү үчүн зор мааниге ээ барактарды ачат деп ишенем», – деди Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бул сыйлык кыргыз мамлекети менен кыргыз элине көрсөтүлгөн өзгөчө сый-урматтын, терең ишенимдин жана чыныгы боордоштук мамиленин даңазалуу белгиси катары экенин ырастады.

Связанный пост