Казакстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.
“Казакстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана мекендештериңиздерди ыйык Орозо Айт майрамы менен чын дилимден жакшы ниет-тилектерим менен куттуктайм.
Боорукердикке, бийик баалуулуктарга, гуманизмге жана кайрымдуулукка толгон ушул жаркын күндөрдө биздин тилектештигибиз жана жыргалчылыгыбыз бекемделсин.
Алла Таала жакшы ниетибизди, жакшы иштерибизди кабыл алып, кийинки ыйык айыбызды ден соолукта тосуп алалы.
Учурдан пайдаланып урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизге жоопкерчиликтүү ишиңизде ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакыт жана бакубатчылык, ал эми боордош кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалайм. Айт маарек болсун!”,- деп айтылат куттуктоодо.