Казакстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
“Наурыз майрамы бакубатчылыктын жана биримдиктин башталышы, жакшылыктын жана жаратмандыктын жарчысы катары боордош элдерибиз тарабынан өзгөчө урматталат, жакшы ниет жана чоң үмүт менен тосуп алынат. Бул жаркын майрам жылуу маанай, токчулук тартуулап, биздин бирдиктүү, тагдырлаш элдерибизге кубаныч алып келсин.
Эки өлкөнүн ортосундагы бекем достукка жана ынак коңшулаштыкка негизделген стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер биздин жакын элдердин кызыкчылыгында динамикалуу өнүгүүсүн улантат деп ишенем”, – деп айтылат Казакстан Президентинин куттуктоосунда.
Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакыт жана бакубатчылык каалады.