Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

 Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Адамзатты руханий жактан тазаланууга жана ар тараптуу өркүндөөгө жетелеген бул ыйык майрамда элибиздин биримдиги бекемделип, бакубатчылыгыбыз өсө берсин.

Бардык мусулмандар чыдамсыздык менен күтүп, кайгыруу менен узатып жаткан ушул ыйык күндөрдө Сизге чоң бакыт жана жооптуу кызматта ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүүнү жана бакубатчылыкты каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост