Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга келди
Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектеновду “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Белгилей кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусу 18-сентябрда Бишкек шаарында өткөрүлөт.