Казакстандын Премьер-министри Алихан Смаилов МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровду жана Кыргызстандын элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

 Казакстандын Премьер-министри Алихан Смаилов МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровду жана Кыргызстандын элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын элин 31-август – Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

“Эгемендүүлүк жылдарындагы биздин элдерибиздин жалпы тарыхы Казакстан менен Кыргызстанга ийгиликтүү тажрыйба алуу үчүн кызматташуунун жана жакшы коңшулук мамилелердин моделин калыптандырууга жана бекемдөөгө мүмкүндүк берди. Бүгүнкү күндө биз экономикалык интеграциянын жана аймактык кызматташтыктын маанилүү процесстерин башыбыздан өткөрүп жатабыз, бул биздин достугубуздун жана бир туугандыгыбыздын олуттуу потенциалын жогорку деңгээлде кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө шарттарды түздү. Ушул өзгөчө учурда, Урматтуу Акылбек Усенбекович, Сизге бекем ден соолук жана жооптуу ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост