Казакстандык компания Ысык-Көлдө күн жана шамал электр станцияларын курууну пландоодо

 Казакстандык компания Ысык-Көлдө күн жана шамал электр станцияларын курууну пландоодо

Казакстандын Астана шаарында президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев менен “ТехноГруппСервис” компаниясынын техникалык директору Канат Абеновдун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ысык-Көл облусунда жалпы кубаттуулугу 50 мегаваттык энергиянын кайра жаралуучу булактарын курууга байланышкан негизги маселелер көтөрүлдү.

Бул маселелерди талкуулоо энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат жана аймактын экологиялык коопсуздугуна оң таасирин тийгизет.

Бул стратегиялык өнөктөштүк заманбап жана жашыл энергия булактарын өнүктүрүү үчүн жана көмүртектин изин азайтууга жана энергетика секторунун туруктуулугун камсыздоо багытында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Эки тарап тең аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын түзүү жана өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Связанный пост