Казакстандан мыйзамсыз ташылып келген 20 тонна уйдун майы артка кайтарылды
“Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайында Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан 20 тонна уйдун майы артка кайтарылды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарын бузгандыгы аныкталган.
“Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору текшерүү учурунда уйдун майынан ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталган эмес.
“Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Казакстанга “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу артка кайтарылды.