Казакстандан келген гумжардам селден жабыркаган Кара-Суу районуна жеткирилди

 Казакстандан келген гумжардам селден жабыркаган Кара-Суу районуна жеткирилди

Казакстандан келген гуманитардык жардам Кара-Суу районунун селден жабыркаган аймактарына жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, “Биз биргебиз Казакстан” кайрымдуулук фонду казак элинин атынан Кыргызстандын түштүгүндө селден жабыркагандарга жардам жөнөткөн.

“Чек арага чейин келген гуманитардык жардамды кыргызстандык куткаруучулар селден жабыркаган Кара-Суу районуна жеткиришти. 40 тонналык гуманитардык жардамдын ичинде кийим-кече, төшөнчү жана азык-түлүктөр бар”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 14-июлда Ош облусунда катуу сел жүрүп, 5 адамдын өмүрүн алган. Сел суулары миңге жакын турак үйлөрдү, эс алуу жайларды, унаа жолдорду жана Ош шаарындагы борбордук базарды каптаган.

Связанный пост