Казакстанда 5,5 балл жер титиреп, Кыргызстанда да сезилген

 Казакстанда 5,5 балл жер титиреп, Кыргызстанда да сезилген

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 04:42де Казакстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ = 42° 39 с.ш.λ = 73° 00´в.д.) күчү 5,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга (Көпүрө-Базар айылынан 20 чакырым түндүктө, Бишкек шаарынан 133 чакырым түштүк батышка) чейин сезилген.

Учурда жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Связанный пост