Казакстанда өткөн эл аралык жарым марафондо Айнуска Калил кызы жеңүүчү аталды
Айнуска Калил кызы Казакстанда өткөн эл аралык жарым марафондо жеңүүчү аталды.
30-октябрь күнү Казаксандын Түркстан облусуда эл аралык марафон болуп өттү. Анда Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Айнуска Калил кызы жана Гулшаной Сатарова катышты.
Жарым марафондо 1 саат 14 мүнөт 8 секунд жыйынтыгы менен Айнуска Калил кызы 1-орунду, ал эми 1саат, 15 мүнөт жыйынтыгы менен Гүлшаной Сатарова 3-орунду ээледи.