Kav & Kev’дин башчысы кармалды
УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө, “КАВжанаКЕВ” дыйкан чарбасынын башчысы, КР жараны А.В.К. тарабынан мыйзамдарды бузуу фактылары аныкталган.
Атайын кызматтан билдиришкендей, аталган адам тиешелүү уруксат берүүчү, медициналык жана миграциялык документтери жок чет өлкөлүк жарандарды ишке тарткан. Алар антисанитардык шарттарда өлкөнүн калкы үчүн тамак-аш азыктарын даярдоо менен алектенишкен. Мындан тышкары, жарактуу мөөнөткө ылайык келбеген мөөнөттөрдү продукцияларга чаптоо фактылары аныкталган.
2025-жылдын 17-ноябрында мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, документтерди жасалмалоо, керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү боюнча кылмышка шектелип УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү иш-чаралар уланууда