Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар объекттердин курулушу менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Нарын облусуна болгон иш сапарын аяктап, Ысык-Көл облусуна жумуш сапары менен барып бир катар объекттердин курулушу менен таанышты.
Алгач МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүн жана Корумду-Балбай автожолун реконструкциялоо иштери менен таанышты.
Маселен, Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүнүн жалпы узундугу 3,9 км, туурасы 16-26 метр. Өткөн жылы башталган оңдоо иштери быйыл бүткөрүлөөрү пландалууда.
Жолду жаңылоо Чолпон-Ата шаарында ички жана тышкы туризмди өнүктүрүү, транспорттук коопсуздукту сактоо, аймактык интеграцияны күчөтүү максатын көздөйт. Долбоор ишке ашырылса, жол инфраструктурасы заманбап талаптарга жооп берип, экономикалык активдүүлүк артып, эс алуучуларды тейлөө сапаты жогорулайт.
Ал эми Корумду айылынан Балбай Баатыр айылына чейинки аралыктагы жолдун курулушу 2025-жылдын мартынан баштап жанданган, аяктоо мөөнөтү 2026-жылга пландалууда.
Андан соң, МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Чолпон-Ата шаарынын Борбордук муниципалдык пляжын реконструкциялоо иштери менен таанышты.
Ысык-Көл өнүктүрүү фонду аркылуу каржыланып жаткан реконструкциялоо иштерин 2025-жылдын июнь айына чейин бүткөрүү пландалууда.
Курулуш иштери менен таанышып чыккандан кийин Адылбек Касымалиев, башталган бардык курулуш иштеринде сапатка көңүл бурулуп, жайкы туризмге чейин бүткөрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырды.