Касымалиев Монголиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Монголиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Содном Ганхуягды анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө акыркы жылдары эки өлкөнүн достук жана кызматташтык мамилелеринин активдүү өнүгүшү белгиленди. Кыргызстан менен Монголиянын мамлекет башчыларынын мамлекеттик сапарлары башкы окуялар болуп калды. Монголиянын Премьер-министринин Кыргызстанга расмий сапары болуп өттү, өкмөттүк деңгээлде соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын бир катар жыйындары өткөрүлдү. Тараптар бир катар тармактардагы долбоорлорду илгерилетүү боюнча иштеп жатышат, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык өнүгүүдө.

Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн эске салып, Монголиянын делегациясы аларга салттуу түрдө активдүү катышып, Оюндарга элдерибиздин тарыхый биримдигинин жана маданий байлыгынын өзгөчө атмосферасын тартуулайт деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Содном Ганхуяг монгол тараптын эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоого жана ырааттуу өнүктүрүүгө, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин ырастады.

Связанный пост