Касымалиев менен Оверчук Бишкекте мектеп куруу долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана өлкөгө иш сапары менен келген Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Бишкек шаарында мектеп куруу долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосунда Кыргызстанда биргелешкен жалпы билим берүүчү мекемелерди түзүү, куруу жана ишке ашыруу боюнча макулдашууну ишке ашыруу максатында, республика боюнча мектептерди куруу үчүн 9 жер тилкеси аныкталган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук борбордо курула турган мектептин жеринде болушту. Аларга мектептин долбоору тууралуу маалымат берилди. Мектептин долбооруна ылайык 1224 окуучуга ылайыкталууда, жер аянты 3 гектарды түзөт.

Учурда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан долбоорду ишке ашырууга байланышкан ар кандай курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Связанный пост