Касымалиев “Майлуу-Суу лампа заводу” ААКнын ишмердүүлүгү боюнча жыйын өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү жана ишкананы мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.
Жыйында өндүрүштүк процесстин азыркы абалы, жабдууларды модернизациялоо, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери, ошондой эле продукциянын ассортиментин кеңейтуу жана өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү боюнча чаралар талкууланды.
Ошондой эле, заманбап технологияларды киргизүү, ишкананын экспорттук потенциалын кеңейтүү, башкаруу ишмердигине жаңы ыкмаларды киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Майлуу-Суу лампа заводу” калкты иш менен камсыз кылып, ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүгө салым кошкон өлкөдөгү социалдык багыттагы олуттуу өндүрүш объектилеринин бири экенин белгиледи. Ишканада 1000ден ашуун жергиликтүү тургун иштейт.
Буга байланыштуу ишкананын өндүрүштүк кубаттуулуктарын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүү боюнча системалуу чараларды көрүү зарылчылыгы белгиленди.
Кеңешменин жыйынтыгында жооптуу мамлекеттик органдарга ишкананын ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүү жана ишкананын туруктуу иштешине көмөк көрсөтүүгө, өндүрүмдүүлүктү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга, каржылык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга багытталган чараларды иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.