Касымалиев: 2021-2024-жылдар аралыгында түз инвестициянын орточо жылдык көлөмү 140% ашык өстү
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Инвестициялык багыт: мамлекет жана бизнес” форумуна катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргызстандын инвестициялык стратегиясы – бул өлкөгө улуттук жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, экономиканы туруктуу өнүктүрүү жана социалдык-экологиялык максаттарды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик деңгээлде белгиленген иштердин системасы экенин билдирди.
Адылбек Касымалиев өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга кыскача токтолуп, акыркы беш жылда Кыргызстандын ички дүң продукциясы дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн, быйылкы жылдын 11 айында ички дүң продукциянын өсүшү 10,2%ды түзгөнүн белгиледи.
“Кандай гана мамлекет болбосун инвестиция мамлекет үчүн экономикалык өсүштүн, туруктуулуктун жана өнүгүүнүн негизги булагы. Азыркы кырдаалда убакыт инвестордун негизги капиталы болсо, өлкө ичиндеги туруктуулук мамлекеттин жана бизнестин ийгиликтеринин ачкычы. Ошол эле учурда стратегиялуу инвестиция бул келечектин перспективалуу ишенимдүү жолу. Биздин өлкөдө инвестициянын туруктуу өсүшү байкалууда. Бул Кыргыз Республикасы жагымдуу инвестициялык өлкөгө айланып баратканын тастыктайт. Белгилей кетсек, 2021-2024-жылдар аралыгында түз инвестициянын орточо жылдык көлөмү 1995-2020-жылдарга салыштырмалуу 140%дан ашык өскөн”, – деди ал.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле, гидроэнергетикага, логистикага, айыл чарбага, тоо-кен тармагына, IT тармагына, халал индустриясына, туризмге, фармацевтикага инвестиция тартууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты.
Мындан тышкары Адылбек Касымалиев жакында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусун жогорулатуу жана ролун күчөтүү жөнүндө” Жарлыгын эске салып, бул инвестициялык ишти стратегиялык багытта ыкчам жылдырууга жаңы дем берээрин кошумчалады.
“Биз сиздерден келечектүү демилгелерди күтөбүз. Биргелешкен күч-аракеттер менен гана биз динамикалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканын бекем пайдубалын түзө алабыз”, – деп сөзүн жыйынтыктаган МинКаб Төрагасы өлкөнүн инвесторлоруна жемиштүү иш жана ийгиликтүү долбоорлорду каалады.