Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
“Жаңылануунун башаты, бакубаттуулуктун жана молчулуктун булагы болгон бул жаркын майрам бүткүл адамзатты жакшы дөөлөттөргө үндөйт. Нооруз – чоң үмүт менен тосулган өзгөчө майрам. Жаңылануунун жаз майрамы боордош элдерге жарык, кут-береке жана кубаныч алып келсин.
Биргелешкен аракеттерибиздин аркасында өз ара түшүнүшүүгө негизделген бекем достук жана ынак коңшулук мамиле, ошондой эле Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мындан ары дагы биздин элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн динамикалуу өнүгөт деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Садыр Жапаровго Кыргызстандын жаркын келечеги жана гүлдөп-өсүшү үчүн багытталган ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана молчулук каалады.

Связанный пост