Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
«Бүгүнкү күндө Сиздин абройлуу жетекчилигиңиз менен боордош Кыргызстан өлкөнүн туруктуу өсүшүн жана социалдык-экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга багытталган маанилүү демилгелерди жана реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууда.
Сиздин стратегиялык курсуңузду бекем кармануу менен Кыргызстан алдыга карай ишенимдүү кыймылын улантып, күчтүү жана гүлдөгөн мамлекетти куруу боюнча бийик максаттарды ийгиликтүү ишке ашырат деп ишенем.
Кылымдардан бери келе жаткан достуктун, ынак коңшулуктун жана өз ара колдоонун духунда дайыма өнүгүп келе жаткан казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин чыңдоого жеке Сиздин эбегейсиз салымыңызды жогору баалайм.
Биргелешкен күч-аракеттер менен биз жетишкендиктерибизди арттырып, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу мамлекеттер аралык байланыштарды сапаттык жаңы деңгээлге чыгарабыз деп ишенем.
Сизге, урматтуу Садыр Нургожоевич, бир тууган Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө мындан аркы ийгиликтерди каалайм», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.