Каратэ шотакан боюнча курама команда Дүйнө чемпионатында 13 медаль жеңди
Кыргыз Республикасынын каратэ шотокан боюнча курама командасынын мүчөлөрү Дьёр шаарында (Венгрия) өткөн 14-Дүйнө чемпионатында 13 медаль (5 алтын, 3 күмүш, 5 коло) жеңди. Мелдеш 25-27-август күндөрү өтүп, 50 мамлекеттен 1000 ден ашык спортчу катышкан.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Алтын медалдын ээлери:
1. Максат Батырбеков (16-17 жаш, кумитэ);
2. Максат Батырбеков , (15-17 жаш командалык беттеш);
3. Адилхан Монолдоров (15-17 жаш командалык беттеш);
4. Эльмырза Байышов (15-17 жаш командалык беттеш);
5. Самуил Койчубеков (15-17 жаш командалык беттеш);
Күмүш медалдын ээлери:
1. Азалия Бейшеналиева (12-13 жаш ката);
2. Эльмырза Байышов (14-15 жаш ката);
3. Эльмырза Байышов (14-15 жаш кумитэ);
Коло медалдын ээлери:
1. Имран Абдугуламов (12 жаш, кумитэ);
2. Айдар Жолчиев (12-13 жаш кумитэ);
3. Фарух Акбаралиев (18-19 жаш кумитэ);
4. Абдибек Апсатаров (20-39 жаш -65 чейинки салмактан, кумитэ);
5. Самарбек Долотбаев (20-39 жаш -85 кг салмакта, кумитэ).
Белгилей кетсек, курама команда машыктыруучулар Ан Иннокентий, Бекмурза Эргешов жана Мирлан Утуровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.