Каратэ боюнча курама команда Эл аралык мелдеште 6 медаль жеңишти
Кыргыз Республикасынын каратэ боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Алматы шаарында (Казакстан) өтүп жаткан “Asian Cup” Эл аралык мелдешинде 6 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 3 коло) жеңди.
75 кг чейинки салмакта Назым Нурланов алтын медалга ээ болсо, +68 кг чейинки салмакта Екатерина Руденко жана Мухамед Ильясов күмүш медаль тагынышты.
+68 кг чейинки салмак ченинде Бекдөөлөт Капарова, 67 кг чейинки салмакта Калыс Нурланбек уулу жана 61 кг чейинки салмакта Жамиля Мусаева коло медалга ээ болушту.
Белгилей кетсек, “Asian Cup” Эл аралык мелдеши 8-ноябрь күнү башталган 10-ноябрь күнү жыйынтыкталат.
Курама команда башкы машыктыруучу Мырзабек Алиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.