Карантиндик жана фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча чаралар бекитилди
Министрлер кабинети кезектеги отурумдун жүрүшүндө карантиндик жана фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча чараларды бекитти.
Атап айтканда, төмөнкүлөр бекитилди:
- Фитосанитардык чараларды колдонуунун тартиби – билдирүү;
- Карантиндик объекттер менен булганган карантинге алынган продукцияны алып коюу, жок кылуу жана кайтаруу боюнча фитосанитардык чараларды колдонуунун тартиби;
- Карантиндик объекттер тарабынан карантинге алынуучу продукциянын, карантинге алынуучу объекттердин инфекциясынын жана (же) булгануусунун белгилери табылгандыгы жөнүндө өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик аткаруу органына билдирүүнүн тартиби;
- Кыргыз Республикасынын аймагынын карантиндик фитосанитардык абалына мониторингди уюштуруунун тартиби.