Караколдогу стадионду реконструкциялоо иштери аяктады

Каракол шаарындагы стадиондун оңдоп-түзөө иштери аягына чыгарылууда. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Жаңыланган стадиондун салтанаттуу ачылышы 23-майда өткөрүлүп, андан соң пайдаланууга берилет.

Маалыматта белгиленгендей, реконструкция учурунда стадион заманбап түрдө жасалгаланып, трибуналар жаңыланып, улуттук чемпионаттын талаптарына жооп бергидей инфраструктура орнотулду.

Ошондой эле Кыргыз футбол биримдигинен кошумчалашкандай, оңдоп-түзөө иштеринен өткөн стадион Кыргызстандын Премьер-Лигасында Каракол шаарын таанытып жүргөн “Барс” футбол клубунун машыгуучу аренасына айланат.

Связанный пост