Караколдо 40тан ашык аскер кызматчыларына ипотекалык батирлер берилди

Бүгүн Каракол шаарында 40тан ашык аскер кызматчыларына ипотекалык батирлер тапшырылды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, батирлердин ачкычын коргоо министри Руслан Мукамбетов тапшырды.

Салтанаттуу иш-чарага Каракол шаарынын мэри Орозбаев Нуртилек, аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары катышты.

Иш-чаранын соңунда коргоо министри батирлер менен таанышып, аскер кызматчылардын үйүнөн даам сызды. Бул турак жайларды аскер кызматчылары “Менин үйүм” мамлекеттик программасынын алкагында алышты.

Связанный пост