Каракол шаарынын стадиону реконструкциядан өткөрүлөт

 Каракол шаарынын стадиону реконструкциядан өткөрүлөт

Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарынын стадиону реконструкциядан өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен (КФБ) билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, КФБнын вице-президенти Дастанбек Конокбаев, башкы катчысы Медербек Сыдыков, КФБнын инфраструктуралык жана стратегиялык долбоорлор бөлүмүнүн жетекчиси Алиет Мурсалиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барышты.

 

Жумушчу сапардын алкагында биримдиктин жетекчилери Ысык-Көл облусунун футбол ассоциациясынын өкүлдөрү жана жергиликтүү футбол коомчулугун мүчөлөрү менен жолугушту.

 

Аталган жолугушууда КФБнын Ысык-Көл облусу боюнча жаңы аймактык өкүлү – Элдияр Алымкулов тааныштырылды. КФБнын башкы катчысы регионалдык ассоциациянын экс-жетекчиси Алмаз Усуповго көп жылдык кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Андан сырткары, иш сапардын алкагында КФБ жетекчилери президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, Каракол шаарынын вице-мэри Нуржигит Турсунбеков, ошондой эле муниципалитеттин башка кызматтарынын жетекчилери менен жолугушту.

 

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун акыркы жарлыгына ылайык, облустардын губернаторлору автоматтык түрдө аймактык ассоциациялардын президенттери болушту.

 

Бул жолугушуунун негизги максаты муниципалитеттин жана Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын күчү менен Каракол шаарындагы стадионду реконструкциялоо маселесин талкуулоо болду. Анын жыйынтыгында аталган инфраструктуралык объектти этаптуу реконструкциялоо боюнча жол картасы иштелип чыкты. Өз кезегинде КФБ келечекте стадионду реконструкциялоо концепциясын иштеп чыгууга бардык зарыл консультациялык колдоосун көрсөтөт.

Связанный пост