«Каракөл» ГЭСинин курулушу 2026-жылы аяктайт
“Чакан ГЭС” ААКга таандык «Каракөл» ГЭСинде курулуш иштери активдүү жүрүүдө. ГЭС Каракөл шаарына жакын Кара-Суу дарыясында жакын жайгашкан. Бул ГЭСтин пландалган кубаттуулугу 18 МВт түзөт.
Долбоордун инвестору жана башкы подрядчысы – “Жагалмай” ЖЧК болуп эсептелет. Себеби, 2023-жылдын 16-июнда “Каракөл ГЭС” ААК менен “Жагалмай” ЖЧК ортосунда чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлган.
Ал эми негизги жабдууларды (турбина, генератор) өндүрүү жана жеткирүү боюнча келишим белгилүү GLOBAL Hydro Energy GmbH компаниясы менен түзүлгөн.
ГЭСтин техникалык-экономикалык негиздемесин түзүү жана долбоорлоону “NK GROUP” ЖЧК аткарууда. Курулушту инерттүү материалдар (шагыл жана кум) менен камсыздоо үчүн саатына 400 тонна өндүрүмдүүлүгү менен майдалоо жана сорттоо чарбасы уюштурулган. Мындан тышкары, кубаттуулугу 90 м3/саат болгон бетон заводу курулган.
Бүгүнкү күндө аткарылган иштер:
1. Ички чарбалык жолдордун долбоору аяктады, жолдордун курулушу жана жолдорду коргоо боюнча жээк бекемдөө иштери бүттү;
2. Айланма каналдын долбоору аяктады;
3. Башкы суу алуу түйүнүнүн курулуш-монтаждоо иштери аяктады;
4. Басым суу түтүгүнүн жумушчу долбоору иштелип чыкты;
5. Металл менен камсыздоо, опалубкаларды орнотуу, ийри, буруучу түтүктөрдү жана тундурманы бекемдөө жана бетондоо иштери аяктады;
6. Компенсатор бөлмөсүн бетондоо боюнча иштер аяктады;
7. ГЭСтин имаратынын астындагы 35 кВ “Гололедная” аба чубалгысы башка орунга көчүрүлдү;
Учурдагы аткарылып жаткан иштер:
1. Басым түтүктөрүн жасоо жана орнотуу жумуштары жүрүүдө;
2. ГЭСтин имаратынын биринчи катмарын, пайдубал плитасын 718,900 белгисине чейин бетондоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө;
Бардык курулуш-орнотуу иштери инвестициялык келишимдин графигине ылайык жүргүзүлүүдө. Курулуштун аякташы 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгына пландалган.