Кара-Суудагы өндүрүштүк завод мамлекетке кайтарылды

 Кара-Суудагы өндүрүштүк завод мамлекетке кайтарылды

Кара-Суудагы өндүрүштүк завод мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ош облустук прокуратурасы тарабынан мамлекеттик менчик мыйзамдарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Кара-Суу районундагы вино-арак өндүрүш заводу 5.91 га жер тилкеси менен биргеликте жеке жактардын менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде 276 млн сомдук 5.91 га жер тилкеси менен өндүрүштүк завод мамлекетке кайтарылды.

Связанный пост