Кара-Сууда таза суу чыгаруудагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду

Кара-Сууда таза суу долбоорундагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Чайчи айылынын элин таза суу менен камсыз кылуу боюнча курулуш иштерин жүргүзүүдө аталган айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери тарабынан “У.” ААКсы жана “А.Т.К.” ЖЧКсы иш жүзүндө аткарылбаган курулуш иштери кабыл алуу актыларына киргизилген. Анын натыйжасында мамлекетке 1,9 млн сомдук ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган.
Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, учурда тергөө органы тарабынан тергелүүдө.