Кара-Сууда 589 жаранга жеке турак жай куруу үчүн жер мыйзамсыз берилген

 Кара-Сууда 589 жаранга жеке турак жай куруу үчүн жер мыйзамсыз берилген

Кара-Суу районунда 589 жаранга жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелери мыйзамсыз берилген. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусунун аймактык башкармалыгынын доо арызы Ош облусунун административдик соту тарабынан канааттандырылды.

Соттук кароонун жүрүшүндө Кара-Суу районунун Датка айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары тарабынан ченемдик укуктук актылардын талаптары бузулганы аныкталган.

Тактап айтканда, тиешелүү токтомдор айыл өкмөтүнүн каттоо китебине катталган эмес, жер тилкелери трансформация процедурасынан өткөрүлбөгөн, мыйзамда белгиленген кезектүүлүк тартиби сакталган эмес. Мындай мыйзам бузуулар менен 589 жаранга жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелери мыйзамсыз бөлүнүп берилген.

Мыйзамсыз токтомдордун негизинде айрым жарандарга мамлекеттик каттоо органы тарабынан жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар да берилген.

КР өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун талаптары бузулгандыгына байланыштуу, ар бири 0,06 гектардан болгон 41 жаранга берилген 41 токтом Ош облусунун административдик сотунун чечими менен жараксыз деп табылды.

Соттун чечимине ылайык, айыл чарба багытындагы жалпы аянты 2,46 гектар болгон жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Связанный пост