Кара-Сууда 10,7 га жерге “Мурас” соцшаарчасын куруу пландалууда
Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылында жайгашкан 10,70 гектар жерге “Мурас” социалдык шаарчасын куруу пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаарча куруу боюнча эскиздик долбоор Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.
“Бүгүнкү күндө эскиздик долбоордун негизинде шаар куруу документтери даярдалып, долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.